Атамбаев эки иш боюнча акталды

Биринчи май райондук соту 16-июндагы отурумунда үч жылдан бери абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актады.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, соңку күндөрү Бишкектеги Кардиология борборунда дарыланып жаткан Атамбаев өзү да жараянга катышты.
Ишти караган судья Мирлан Термечиков мурдагы президент Бишкектин жака белиндеги Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп курууда жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгын берүүдө мыйзам бузган эмес деп тапты.

Соттук жараяндын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо буга чейин айыптарды колдоодон баш тарткан.

Мындай жол менен соңку төрт жылда жети кылмыш иши козголгон Алмазбек Атамбаев эки иш боюнча акталды.