Нурдан Орунтаев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү документке Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Калаа башчынын башка бир буйругу менен Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалды.

Ал буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.