Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, Новиков 2017-2018-жылы экономика министри болуп эмгектенген.
Ошондой эле ал Кыргызстандын тарыхында эң жаш министр деп катталган.