Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору кармалды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын

директору кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча

мамлекеттик кызматы билдирет. Маалыматка караганда, кармалган Болот Момбеков

жарандардын бирине бир нече маалым кат даярдап берүүнү убадалап,

1 миң 800 евро алган. Бирок убадасын аткарбай, акчаны да кайтарып берген эмес.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.