Жолдошбек Жунушев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча
мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге
Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган.