Юстиция министрлиги онлайн жоюу системасын киргизүү ниетинде

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды кайра каттоо,

онлайн жоюу системасын киргизүү ниетинде. Юстиция министри

Марат Жаманкулов билдиргендей, Юридикалык жактарда каттоого алууга караганда,

жоюу иштери татаалыраак жүрөт. Себеби, юстиция органдары үчүн карыздары жана

башка ушул сыяктуу маалыматтар керек. Банктардан маалымкаттар талап кылынат.

Ал эми онлайн жоюу системасы ал процедураны жеңилдетет.

Ошондой эле ушул жылы пробациянын автоматташтырылган маалыматтык

системасын киргизүү иштерин аяктоо жана аны Кылмыш жана

жоруктардын бирдиктүү реестрине кошуу пландалууда.