Астанада Айкөл Манастын айкели ачылды

Президенти Садыр Жапаров 19-апрелде, Астана шаарында Казакстанга расмий сапарынын алкагында Айкөл Манас айкелинин ачылыш аземине катышты.

Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин бийиктиги 10 метр, постаменти граниттен, ал эми скульптура колодон жасалган.

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Айкөл Манастын эстелигинин ачылышы эки өлкөнүн эли үчүн маанилүү экенин жана казак элинин терең урматтоосунан кабар берерин айтты. Эки жыл мурда Бишкекте казак акыны Абайдын эстелиги тургузулганын, казактар менен кыргыздардын тамыры орток экенин белгиледи.