Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды

Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулана тургандыгын кабарлаган.

Белгилеп кетсек, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулууда.