Кыргызстандан катализатор ташып чыгууга алты айга тыюу салынды

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айга тыюу салынды.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге ылайык кабыл алынды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.