Ош мэриясынын делегациясы Кореяда бүткүл дүйнөлүк конгресске катышууда

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган мэриянын делегациясы “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” уюмунун бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда.

Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10-октябрдан 14-октябрга чейин Кореянын Тэджон шаарында өтүп жатат.

Конгресстин программасында тегерек столдор, пленардык сессиялар, талкуулар, тренинг-семинарлар, ошондой эле Тэджон шаарынын тажрыйбасы жана маданияты менен тааныштыруу камтылган.

Марс Исаев Конгресстин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, анда бул конгрессти өткөрүүнүн уюмдун курамына кирген шаарларды өнүктүрүү үчүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле, Ош шаарынан келген делегация “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” уюмунун бүткүл дүйнөлүк кеңешинин жаңы курамына жана Евразиянын жергиликтүү жана аймактык бийлик органдарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жетекчилик кызматтарга талапкерлерди шайлоого катышты.

Ош шаары уюмга толук кандуу мүчө катары 2008-жылдан бери добуш берип келет.

Сапардын алкагында ошондой эле маданият, искусство, жаратылыш, илим жана техника менен байланышкан ар кандай мекемелерге баруу жана экскурсиялар уюштурулууда.