Атлантика океанында 4 миң кымбат унаа жүктөлгөн кемеден чыккан өрттү куткаруучулар 5 күндөн бери токтото албай жатат

Атлантика океанында 4 миң кымбат унаа жүктөлгөн кемеден чыккан өрттү куткаруучулар

5 күндөн бери токтото албай жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча анда Porsche, Audi жана

Bentley маркасындагы чет элдик унаалар бар. Божомол боюнча, тилсиз жоо электромобилдердин

батареяларынан чыгышы мүмкүн. Ал эми борттогу 22 экипаж мүчөсү ошол эле күнү эвакуацияланган.

Сингапурга таандык кеме Европа өлкөлөрүнүн бирине же Багам аралдарына бармак.