Тажикстанда аскерге чакырылгандар айдоочу курстарын бекер окушат.
Хатлон облусунда жергиликтүү бийлик ишке ашырып жаткан жеңилдик
1-апрелден тарта ишке ашат. Тажикстанда айдоочулук күбөлүк алууга
орточо эсеп менен 3 миң сомони же 20 миң сомдон ашык акча керек.
Буга чейин дагы бийлик армияга барып келген жигиттерге жер
тилкелерин кесип берүүнү убадалап, бирок сөзүнө турган эмес.