Мамдумага 5 партия өттү

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен

Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирди.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Россия” партиясына добуштардын дээрлик

50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак,

“Адилет Россия” – 7 жарым процентке жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан

бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди.

Бир мандаттуу чөлкөмдөрдө «Бирдиктүү Россиянын” талапкерлери басымдуу

көпчүлүгүндө же 198синде жеңди. Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 52 проценти

катышканы маалымдалды. Парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы

24-сентябрда жарыяланмакчы. Ошентип, Кремлдин колдоосуна ээ болгон

«Бирдиктүү Россия» партиясы Думада конституциялык көпчүлүктү сактап

каларын азыртадан эле айта берсе болот. Аларга парламенттин

төмөнкү палатасында 300дөн кем эмес мандат тиет.