Австрия тургуну 5 килограммдык ири бургерди 25 мүнөттө жеп түгөттү

Австрия тургуну 5 килограммдык ири бургерди 25 мүнөттө жеп түгөттү. Чоң азыкты жегенге сынак Австрияда өттү. Ага 55 адам катышкан. Жалпысынан, бургерди жегенге 30 мүнөт берилген.

 

Катышуучулар 10 мүнөттөн кийин эле, сынакты уланта албай турганын айтышса, Джеймс аттуу эркек бургерди жей берген. Жыйынтыгында, ал жеңишке жетип, байгенин ээси болуп табылды.