Бишкек – Кара-Балта поезди эми такыр жүрбөйт

Бишкек – Кара-Балта поезди эми такыр жүрбөйт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, пайдасы такыр жок болгондуктан, курамдын жүрүшү токтотулду.

 

Жүргүнчүлөр жокко эсе, ал эми чыгымдар чоң, — дешти ишканадан. Белгилеп кетсек, буга чейин аталган каттам темир жолдогу оңдоо иштерине байланыштуу 18-майда бир эле күнгө токтотулат деп айтылган болчу.