Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон тартифтери төмөндөтүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон тартифтери төмөндөтүлдү.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 16 жашка чейинки

балдары бар жана мамлекеттик жөлөк пул алган колдоого муктаж жарандар электр энергиясын

2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВт/саатка чейин керектесе, 1 кВт/саат  үчүн

50 тыйындан төлөйт. Калган 27 тыйын мамлекеттин эсебинен жабылат.

Жеңилдик 110 миңден ашык адамга берилет.