Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүлбөйт

Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүлбөйт.

Биринчи вице-премьер-министр Азиз Алиев билдиргендей,

министрлер кабинети тарифтик саясаттын планын бекитти.

Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык

чек алып салынды. Эми 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат.

Андан тышкары, калк үчүн коюлган 700 киловаттык чектөө 1 миңге көтөрүлдү.

Бирок 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулайт.

Энергетика тармагынын жалпы карызы 129 миллиард сомдон ашат. Андан

улам өзүн-өзү актай турган тарифти киргизүү каралды, — деп кошумчалады Алиев.