Министрлер кабинети өлкөгө ташылып келген электромобилдерди КНСтен бошотушу ыктымал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, Салык кодексинин
долбооруна тиешелүү бөлүмдү 3-5 жылга киргизүүнү карап чыгуу зарыл. Премьер белгилегендей,
бийлик өлкөдөгү электромобилдерди көбөйтүүгө шарт түзүүгө жана транспорттун аталган түрүнө өтүүгө даяр.