Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электроэнергия үчүн жаңы тарифтер канча убакытка созулары белгисиз. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, аталган категорияды жарандар 1-январдан баштап
электр кубаты үчүн 50 тыйындан төлөйт, калган 27 тыйын бюджеттин эсебинен жабылат. Бирок керектөө
өлчөмү 700 кВт/саттан ашса башкалардай эле 2 сом 16 тыйындан төлөшү керек болот. Мунун менен
110 миң адамга жеңилдик берилет. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда калк электр энергиясы үчүн
700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
Ал эми мекеме-ишканалар 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин