Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. 11-апрелде башталган спорттук иш-чарага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты.
Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.