Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү.

Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Анын алкагында жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максаты көздөлүүдө.

Мындан сырткары, калктын туура тамактануусу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ооруларды алдын алуу эске алынат.

Аталган кеңештин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бекитилди.