Улуттук банк ушул жылдагы эң ири интервенция жасап, валюта базарына 222 миллион 550 миң доллар сатты.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси акыркы жолу 8-июнда 86 миллион 50 миң доллар саткан.
Улуттук банк доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.



