Ысык-Көлдөгү сел 7 үйдүн короосун, 4 гектар эгин талаасын каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 24-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Суу районунда сел жүрдү.
Жерине техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Чыгымдар боюнча кошумча маалымат берилет.