Кыргызстанда кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шекер жана чийки камыш кантты Кыргызстандан алып чыгууга 6 айлык мөөнөткө чектөө киргизилди.
Тиешелүү чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында кабыл алынды.