Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү соңуда чыгууда

Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү соңуда чыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

 

Белгилеп кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар отчетун ведомствонун сайты аркылуу электрондук форматта тапшырышы керек болчу.

 

Декларацияны өз убагында тапшырбагандар айыпка тартылат.