Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Садыр Жапаров  курулушка капсула салды.

 

Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жер жеке турак жайларды жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланды.

 

Андан тышкары, 275 орундуу мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин курулушу пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.