Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпа ичиндеги турдун үчүнчү айлампасы старт алат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да “А” тайпасындагы Нидерланды курамасы менен Катар беттешет.
Дагы бир оюнда Сенегал – Эквадор футболчулары топ талашат. “В” тобундагы бардык курамаларда плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар.
Ал эми түнкү саат 1де Англия – Уэльс, АКШ – Иран командалары беттешет.