Мэрия Бишкекке алып келине турган 120 автобуска айдоочу издеп жатат

Борбор калаанын мэриясы жакында Кытайдан 120 автобус алып келинерине байланыштуу айдоочуларды жумушка чыкырып жатат.
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы D категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Документтердин стандарттык топтомунан тышкары, талапкерлер газ менен жүргөн транспортту башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек.
Эскерте кетсек, автобустар 15-декабрга чейин алып келинери айтылган. Алардын узундугу 10,5 метр, ичи кондиционер менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкташкан, 26сы отургандар жана бирөө майыптыгы бар жарандар үчүн.
Бардык суроолор боюнча 0(312) 53-17-89, 53-18-14, 0705 86 84 64 телефондору аркылуу кайрылуу сунушталат.