Мессинин командасы Сауд Арабияга утулуп калды

Күтүүсүз жеңилүү.

Мессинин командасы Сауд Арабиянын курамасына утулуп калды.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Арабиянын курама командалары беттешти.

Беттеш башталган алгачкы 10 мүнөттө арабдардын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленип, аны Лионель Месси ишке ашырды.

Экинчи таймдын башында араб оюнчулары эсепти 2:1ге өзгөрткөнгө жетишти.

Ошентип Мессинин командасы оюндун жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартты.