Бүгүн Ошто жаңы жылдык балаты жандырылат

Бүгүн Ошто жаңы жылдык балаты жандырылат.

Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, саамалыкка келгендер үчүн жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа уюштурулат.

Ош шаарындагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт.

Жаңы жылга карата даярдыкка жалпысынан түштүк калаа мэриясы дээрлик үч миллион сом жумшай турганы кабарланган.