Лионель Месси «Жылдын спорт жылдызы» наамына татыды

Лионель Месси «Жылдын спорт жылдызы» наамына татыды.

Сыйлык жыл сайын Би-Би-Си тарабынан тапшырылат.

Наам «жыл ичинде дүйнөлүк аренада эң көрүнүктүү спорттук ийгиликке жетишкен» спортчуга берилет.

Аргентиналык карьерасында биринчи жолу бул сыйлыкка ээ болду.

Эске салсак, Месси ойногон Аргентина курама командасы Катарда дүйнө чемпиону болгон.

Чабуулчу дүйнөлүк чемпионат учурунда жети гол киргизсе, анын экөө финалда болду.