Бүгүнтөн тарта Россияга учактардын каттамы көбөйтүлөт

Бүгүнтөн тарта Россияга учактардын каттамы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди. Анын айтымында, ошондой эле, Стамбул шаарына каттаган учактардын саны өсөт.

 

Бул Россия жана Түркиядагы мекендештерди кайтаруу үчүн жасалууда. “Манас” аэропортунда аба кемелерин жөнөтүүгө жана тосууга коопсуздук чаралары каралат. Санитардык эрежелер дагы сакталышы керек, — деди министр.