Сосновка жана Арал өткөрүү түйүндөрүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр кечээ Бишкек-Ош трассасында жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу максатында киргизилген.
Эске салсак, Төө-Ашууда тыгындар болбош үчүн жүк ташуучу унааларга улам чектөөлөр киргизилип турат.