Ордо калаанын Жаш Гвардия бульварында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Андан такташкандай, 25-июлда аталган аталган тилкедеги темир жолдо оңдоо иштери жүргүзүлөт. Андыктан, эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин унаалар өткөрүлбөйт. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландаштырып алуу сунушталат.