Ысык-Көлдө айылдар ортосунда каттоо убактылуу уруксаат берүүчү кагаздар аркылуу гана жүргүзүлөт

Ысык-Көлдө айылдар ортосунда каттоо убактылуу уруксаат берүүчү кагаздар аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Буга чейин ыкчам штаб бир айылдан экинчи айылга каттоого тыюу салган.  Айыл өкмөт башчылары башка калк жашаган түйүнгө барууга олуттуу себеп болгондо гана уруксаат берет. Талаптар аткарылбаса, кылмыш жоопкерчилигине чейин катуу чаралар көрүлөт.