Боршайком президеттикке талапкерлерге мөөнөткө чейинки үгүт жүргүзүүгө тыюу салынаарын эскертет

Боршайком президеттикке талапкерлерге мөөнөткө чейинки үгүт жүргүзүүгө тыюу салынаарын эскертет. novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, бул эреже бузулса, талапкер жарыштан дагы четтетилиши мүмкүн.

 

Талапкерлер ошондой эле, жарандарга акча, белек берип, кайрымдуулук кылбашы керек. Эске салсак, үгүт кампаниясы 15-декабрда башталып, 9-январь таңкы саат 8де токтотулат.