«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушуна даярдыктар башталды.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, учурда жер казуу, шагыл толтуруу, темир-бетон төшөө жана дренаждык жумуштар жүрүп жатат.
Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кечеден көмүр ташууга эң арзан жол, — деп айтылат маалыматта.
“Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече” темир жолунун узундугу 186 чакырымды түзөт.