Бишкектин четинде жайгашкан № 47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которулат.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматына таянып «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, 23-мартта атайын жыйын болуп, анда эскирген мекемени жоюу маселеси каралды.
Анда абактагы медициналык, турак жай жана башка имараттарды көчүрүү жана аймакка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды.
№47 колония — ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси.
2019-жылы ал жерде хирургиялык бөлүм ачылган.
Мекеме учурда өтө коркунучтуу кылмышкерлер кармалып турган шаар ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги колония.
Бул абак 1943-жылы курулган. Ошондон бери инфратүзүм, энергетикалык чарбалар жана инженердик тутуму капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылып келет.
Шаар ичиндеги абактарды көчүрүү маселеси буга чейин дагы көтөрүлүп келген.
№1 убактылуу тергөө абагы менен №47 түзөтүү колониясы Бишкектин сыртына жылдырыла турганын буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялаган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат.