Калкты каттоо учурунда жарандар 40тан ашык суроого жооп бериши керек

Калкты каттоо учурунда жарандар 40тан ашык суроого жооп бериши керек. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктарга үй-бүлө мүчөлөрү, жашоо шарты, билими, жумушу, жаш курагы боюнча жана башка суроолор берилет.

 

Аларга бир эле адам жооп берип койсо болот. Каттоонун жыйынтыгы мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясатында маанилүү.

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт.