Башкортостандын Оренбуржье менен чектешкен жеринде топтолгон кыргызстандыктар жакында өлкөгө кайтып келет

2311260

Башкортостандын Оренбуржье менен чектешкен жеринде топтолгон кыргызстандыктар жакында өлкөгө кайтып келет. РИА Новостинин маалыматына ылайык, учурда бул жерде 1 миң 353 жаран бар.

 

Арасында кош бойлуу аялдар жана жаш балдар бар. Кыргызстандын консулдук кызматы аларды мекенине кайтаруу боюнча аракеттерди көрүүдө. Эске салсак, буга чейин Оренбуржьенин бийлиги чет элдиктер үчүн трассаны жаап, мигранттар калып калганы айтылган.