Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук такси жол кырсыгына кабылды, жабыркагандар бар

. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн Калык Акиев көчөсүнүн Чүй проспектиси менен кесилишинде №215 маршруттук такси менен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кагылышты.

 

3 жүргүнчү жабыркады. Алар ооруканага жеткирилди.