Баткен – Боз-Адыр жолунда оңдоо иштери башталды

Ош – Баткен – Раззаков трассасынын бир бөлүгү болгон Баткен – Боз-Адыр жолунда оңдоо иштери башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, быйыл 12 чакырым жолду реконструкциялоо пландалууда.

 

Оңдоо иштери жайында бүтөт. Жер жумуштарынан кийин жол куруу нормаларына ылайык асфальт төшөө процесси башталат.