“Баткен” эл аралык аэропортун жаңылоо иштери аяктап калды.
Бизге “Манас” аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аэродромдун учуу-конуу тилкесин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Алдыда жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу пландалууда.
Ал жабдуулар тийиштүү долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин аэродромдо орнотулары белгилүү болду.
Эске салсак, «Баткен» аба майданы оңдоо иштерине байланыштуу 1-августта үч айга жабылган.