Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду быйылкы жылдын “Тарых жаратуучусу” деп тапты.
Уюмдун маалыматына караганда, бул наамга кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону япониялык Юи Сусаки ээ болду.