40 миң кыргызстандык үй-бүлөгө Россия тарабынан акысыз азык-түлүк тапшырылат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын логистика жана сатып алуулар бөлүмүнөн билдиришти.
Эске салсак, кечээ биздин өлкөгө 1,5 миң тонна ун жеткирилди, ага суу май кошулуп, азык Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тургундарына таратылат.
Уюмдан белгилешкендей, ар бир үй-бүлөгө 150 килограммдан ун жана 15 литрден суу май берилет.