Кыргызстандыктар быйыл августта электр энергиясын көп колдонушту

Кыргызстандыктар быйыл августта электр энергиясын көп колдонушту.

Борбордук диспетчердик кызматынын маалыматына ылайык, бир айлык

электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 959,5 миллион  кВт саатты түздү.

Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу

110 миллион кВт саатка көп. Анын ортосунда Токтогул суу сактагычында

нымдуулуктун көлөмү дагы былтыркыга салыштырмалуу дээрлик

3 миллиард кубометрге аз. Буга байланышуу өлкөнүн энергетиктери

электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу зарыл деп эскертишет.