Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калды. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин электр энергиясы 10-кичи райондо, Токтогул, Кулиев, Боталиев, Тыныстанов, Москва, Юнусалиев, Ахунбаев, Щербаков көчөлөрүндө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.