Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585 тонна ун бөлүндү.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ун Лейлек районуна жана
Сүлүктү шаарынын тургундарына таратылды. Эми кийинки этапта Кадамжай
району жана Кызыл-Кыя шаары турат. Материалдык резервден келген ун
облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүрүүсүн атайын
комиссия көзөмөлгө алууда. Эске салсак, буга чейин да аталган фонддон
Ош облусуна 1 миң 300 тонна ун жеткирилген.