Япония Кыргызстанга 4 тез жардам унаа белекке берди

Япония Кыргызстанга 4 тез жардам унаа белекке берди.

Аталган өлкөнүн республикадагы элчилигинен билдиришкендей,

керектүү жабдуулары менен камсыздалган техниканын баасы

96 миң доллардан ашат. Эми унаалар Бишкек, Каракол жана

Ошко кызмат кылат. Ошондой эле дагы тез жардам унааларын

Кемин жана Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина

борборлоруна тапшыруу пландалууда.