Сауд Аравияга кыргызстандыктарды кичи ажылыкка жөнөткөн турфирмалардын
жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу түштүк жергесинин коменданты Малик Нурдинов
билдирди. Кеп, СOVID-19 жуктуруп келген адамдар тууралу болуп жатат. Белгилеп кетсек,
өлкөдө коронавирус алгачкы ирет умрага барып келгендерден аныкталган. Ошондой эле
учурдагы бейтаптардын басымдуу бөлүгүн да зыяратка барып келгендер түзөт.